• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Канышай Мамыркулованын сотунда активист Атай Бейшенбек көрсөтмө берди

18 Бештин айы 202520:31 Бишкек Govori.TV

18-декабрда Бишкек шаардык сотунда эркин журналист Канышай Мамыркулованын ишин кароо уланып, анда күбө катары жарандык активист Атай Бейшенбек көрсөтмө берди. Бул боюнча мурдагы отурумда Мамыркулованын адвокаттары өтүнүч келтирип, сот аны канааттандырган.

“Атай Бейшенбектен тактай турган бир-эки жагдай бар эле. Ал жазган постторуна байланыштуу. Аларды качан жазган, кандай максатта чыгарган жана автор өзү болгонбу, ушуларды тактадык”, — деди Мамыркулованын адвокаты Нурбек Сыдыков.

Журналистке Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн кылмыш иши козголуп, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыкка чакырык” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен айып тагылган.

Сөз болгон билдирүүлөрдүн ичинде “Мамыркулова Атай Бейшенбек 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал маалында жазган постуна кийин шилтеме берип чыгаргандары бар” деген жүйө менен адвокаттар активисттен көрсөтмө алууну өтүнүшкөн.

Активист Атай Бейшенбек 2022-жылдагы кыргыз-тажик чек ара жаңжалында маалыматтык өнөктүк жүргүзүп, кырдаал тууралуу социалдык тармактар аркылуу бир канча тилде жарыялап турган.

18-декабрдагы отурумга лингвистикалык эксперт келбегени себептүү кийинки отурум 12-январга белгиленди.

3-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту Канышай Мамыркулованы күнөөлүү деп таап, алты жылга кесип, төрт жылдык пробация жазасын чегерген. Үч жарым ай тергөө абагында отурган журналист сот залынан бошотулган. Анын адвокаттары райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арыз берген.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 5