• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кайрат Осмоналиев Атыр Абрахматованын кызматтан алынышынын чыныгы себебин айтып берди

8 Бештин айы 2017 17:02 Бишкек Govori.TV

Боршайкомдун төрайымынын орун басары Атыр Абрахматованы кызматтан алуу маселеси бир жыл мурда эле көтөрүлгөн. Бул тууралуу БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев govori.tv агенттигине билдирди.

“Мындан бир жыл мурда Атыр Абрахматова БШКнын 10 мүчөсүнүн үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазган. Биз бул маалыматты 24.kg агенттигинен окуп алып,  кесиптештердин баардыгы аны кызматтан алуу маселесин көтөрүшкөн. Бирок биз ошондо оңолгонго мүмкүнчулук бергенбиз деди»,-Кайрат Осмоналиев.

Президенттик шайлоо учурунда дагы пикир келишпестиктер көп болду деген Кайрат Осмоналиев, Атыр Абдрахматова шайлоочулардын башын айлантып, шайлоону үзгүлтүккө учурата жаздаганын айтат.

“Президентти шайлоо күнү Атыр Абдрахматова шайлоочуларга кайрылып, ар бирөөңөр маркериңерди ала келсеңер болот деди. Атүгүл шайлоо бюллетенине шайлоочулар  “жүрөкчө” тартып койсо болот дейт. Автоматтык эсептөө урналар мындай болгондо иштебей калаарын ал жакшы билчү. Боршайкомдун төрайымынын орун басары катары ал мындай маалымат таратпашы керек эле. Президенттик шайлоо бүтөөрү менен кесиптештер Атыр Абдрахматованы кетирүү маселесин көтөрүшкөн. Ошондо мен саясатка айланып кетпесин деп токтотуп калгам. Бир жылдан бери көтөрүлгөн бул маселе бүгүн бышып жетилиптир”-дейт Кайрат Осмоналиев. 

Бош калган  төрайымдын орун басарынын ордуна азыр талапкерлер чыга элек.  Кайрат Осмоналиев өзүн-өзү көргөзбөй тургандыгын айтты.

«Эгер кесиптештерим мени көргөзсө иштеп бергенге даярмын дейт»- ал.

Ал эми Атыр Абрахматованы БШК мүчөлүгүнөн ажыратуу боюнча Жогорку Кеңешке кат жөнөтүлдү деген маалымат жалган экен.

«Ал Боршайком мүчөсу болуп мөөнөту бүткөнчө кала берет деди».-Кайрат Осмоналиев.

Количество просмотров: 14