• Ишенби 6 Теке 2024
  • Суббота 6 Июль 2024

Казакстанда автоунаа өрттөнүп, өзбек жарандары жабыркады

10 Кулжа 2024 9:16 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Атырау облусунда өзбек жарандары бара жаткан Lada Largus үлгүсүндөгү автоунаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Казакстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 8-июнь күнү республикалык маанидеги «Атырау – Актөбө» трассасында катталган.

Орусиядан Өзбекстанга бара жаткан өзбек номурлуу автоунаадагы өрт бир саат дегенде толук өчүрүлгөн. Унаанын ичинде Өзбекстандын үч жараны болгон. Эки жүргүнчүсү жаракат алып, түрдүү даражадагы күйүктөрү менен Атырау облустук ооруканасына жеткирилди.

Учурда автоунаа айдоочусунун жана жүргүнчүлөрдүн тек-жайы такталууда. Ишти Өзбекстандын башкы консулдугу өз көзөмөлүнө алганы кабарланды.

Теги:
Количество просмотров: 90