• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Казакстандын мурдагы маданият министри 8 жылга соттолду

21 Кулжа 2023 9:19 Бишкек Govori.TV

Казакстандын мурдагы маданият министри Арыстанбек Мухамедиулы «Бюжеттик каражатты кымырып алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, сегиз жылга соттолду. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы кабарлады.

Мындан тышкары бул иш боюнча айыпталган Алмаз Нуразханов, Азамат Кошенов жана Айым Садвакасованын ар бири жети жылдан эрктеринен ажыратылды.

Экс-министрге Астанадагы Улуттук музейдин жетектеп турган жылдары «Алтын адамдын дүйнө музейлерин кыдырышы» аттуу эл аралык көргөзмөгө бөлүнгөн каражаттан 146 миллион теңге (335 миң доллар) кымырып алган деген айып тагылган. Анын иши боюнча сот быйыл апрелде башталган.

Буга чейин прокурор соттон Мухамедиулыны тогуз жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Июндун башында Казакстандын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Арыстанбек Мухамедиулы Астанадагы «Дипломат» мейманканасын рейдерлик жол менен тартып алууга да шектелип жатканын билдирген.

Количество просмотров: 52