• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Куандык Бишимбаев жаза мөөнөтүн Акмолодогу катаал режимдеги абакта өтөйт

19 Теке 202411:49 Бишкек Govori.TV

Аялын мыкаачылык менен өлтүрүп, 24 жылга кесилген Казакстандын экономика министри Куандык Бишимбаев жаза мөөнөтүн Акмоло облусундагы катаал режимдеги абакта өтөйт. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу Жаза аткаруу комитетинин төрагасы Тенизжан Жаныбеков билдирди.

«Азырынча тергөө абагында камалууда. Жакынкы күндөрү Астанага жакын жердеги Акмоло облусунда жайгашкан түзөтүү жайына которулат», – деди Жаныбеков.

Казакстандын Акмоло облусунда катаал режимдеги бир нече абак бар. Алар Астанадан 200 чакырым жана андан алыс аралыктарда жайгашкан.

Количество просмотров: 164