• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кулубаев Бахрейндин премьер-министри менен жолугушту

22 Кулжа 2022 12:55 Бишкек Govori.TV

Манама шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Бахрейн Падышалыгынын премьер-министри жана Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысынын орун басары Салман бин Хамад Аль Халифанын жолугушуусу өттү.

Маалыматка ылайык, жолугушуу КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаевдин Бахрейн Падышалыгына болгон расмий сапарынын алкагында болду.

Салман бин Хамад Аль Халифа Кыргызстандын тышкы саясий мекемесинин башчысынын эки тараптуу мамилелердин тарыхында Бахрейнге болгон алгачкы расмий сапарынын маанилүүлүгүн белгилеп, сапар ортодогу эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жагымдуу өбөлгө түзөрүн билдирди.

Министр Ж.Кулубаев Бахрейн падышасына даректелген атайын кайрылууну тапшырып, Кыргызстан Бахрейн Падышалыгы менен тыгыз кызматташууга кызыкдар экендигин жана аны менен өз ара кызматташтыктын бардык багыттары боюнча активдүү саясий диалог жүргүзүүгө даяр экендигин билдирди.

Кыргызстандын тышкы саясий мекемесинин башчысы Салман бин Аль-Халифага КР президенти Садыр Жапаров жана министрлер кабинети тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясат жана өлкөнүн улуттук экономикасын өнүктүрүү, инвестициялык климатты жакшыртуу жана туризм тармагын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди. Ошону менен катар Бахрейн жарандары үчүн 60 күнгө чейин визасыз режими колдонулары белгиленди.

Мындан тышкары, тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибинин маанилүү маселелери, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугу, гуманитардык кризис боюнча пикир алмашып, Украинадагы жана Афганистандагы кырдаалды талкуулашты.

Жыйынтыгында тараптар кыргыз-бахрейн мамилелерин активдештирүү, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды арттыруу боюнча, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу жолу менен биргелешкен чараларды көрүүнү макулдашты.

Жолугушуу жылуу жана достук маанайда болуп өттү.

Количество просмотров: 48