• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Курултайда президенттин өкүлүн толук сүйлөтпөй коюшту

15 Тогуздун айы 2022 12:25 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абадда өтүп жаткан курултайда президенттин Ош облусундагы ыйгрым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновду толук сүйлөтпөй коюшту.

Курултайдын башталышында сөз алган Жамалдинов чогулган саясий ишмерлерге кайрылып ушул Кемпир-Абад маселеси гана талкуу болуп, сөз гана козголгондо эле Ошко келип калуусун туура эмес көрдүм деди.

Сөзүн сүйлөп баштаганда эл чуулдап андан ары угушкан жок.

Кошумчалай кетсек, Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултай өтүп жатат. Ага катышуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Адахан Мадумаров, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, саясатчылар Жеңиш Молдокматов, Кубанычбек Кадыров, Аймен Касенов, Бектур Асанов, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Мамбетжунус Абылов, активисттер Эрлан Бекчоро уулу, Тилекмат Куренов, Атай Бейшенбек, Айбек Мырза, Канат Хасанов, Канышай Мамыркулова, Рита Карасартова барышкан.

Теги:
Количество просмотров: 951