• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Куудул Тынар Курбаналиев саясий сатиранын айынан сабалдыбы?

9 Тогуздун айы 2019 23:13 Бишкек Govori.TV

Социалдык түйүндөргө белгилүү куудул Тынар Курбаналиевдин жаракат алган сүрөтү тарады. Анда куудулдун бети кан болуп жатканын көрүүгө болот.

Буга байланыштуу фейсбук колдонуучу Өткүрбек Рахманов «куудул көк бөрү оюну учурунда жаракат алган»,- деген билдирүүсүн жазган. Ал эми айрымдары Курбаналиевди саясий сатиралардын айынан сабалышы мүмкүн деп божомолдоодо.

Кошумчалай кетсек, буга чейин  Тынар Курбаналиевдин «120 кой» жана башка саясий интермедиялары  калк арасында эле эмес, маал-маалы менен Жогорку Кеңеште дагы кызуу талкууга алынган.

Количество просмотров: 7870