3-декабрда Адилет Маматов президенттик шайлоого катышуу үчүн берилген документтерин кайтарып алды.
Мындан тышкары, Жамбылбек Камчиев да жарышка катышуудан баш тартып, документтерин алды.
Бүгүн президенттикке талапкерлердин дагы үчөө шайлоого катышуудан баш тарткан. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, алар Акжолтой Тукунов, Базарбай Темишов, Арсланбек Малиев.
Учурда президенттик шайлоого катыша турганын билдирген 41 адам калды. Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.