Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү бекеттериндеги кырдаалдын жөнгө салынышынан улам ӨКМ тарабынан тигилген чатырлар жана жылытуучу мештер жыйналып алынганын аталган министрлик билдирди.
Эскерте кетсек, эки өлкөнүн чегинде көзөмөл пунктуларындагы абал 2017-жылдын 10-октябрынан тарта начарлай баштаган. Кыргызстандан Казакстанга багыт алган жүргүнчүлөр, жеңил жана ири жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жаралган. 11-октябрдан тарта ӨКМ чек ара аркылуу өткөн адамдарды ысык тамак жана жылуулук менен камсыз кылуу аракеттерин баштаган. Натыйжада «Ак-Тилек» пунктуна 10 орундуу беш чатыр, «Ак-Жол» бекетине 10 орундуу алты, «Чоң-Капкага» 30 орундуу үч жана «Чалдыбар» пунктуна 10 орундуу үч чатыр тигилип, жылытуучу меш, ичүүчү суу жана биоажаткана менен камсыздалышкан.
Мамлекеттик чек арадагы абалдын жөнгө салынышы менен 4-декабрь күнү тигилген чатырлар жыйналып, бардык жабдуулар кампага алып келинген.