Бишкек. 11.12.2007 Govori.Tv
Бул маселе бүгүн “Таза коом” долбооруна арналган эл аралык конференцияда көтөрүлдү. Өкмөт башчы Сапар Исаков ар бир айылга интернет киргизүү демилгеси сынга алынып жатканын айтты.
“Айрым депутаттар интернетти коё туруп, айылдарга таза суу жеткирүү маселсеин чечиш керек деп жатат. Бирөө экинчисине жолтоо болбойт. Калкты таза суу менен камсыз кылуу өкмөттүн алдында турган биринчи маселе. Бирок интернет болбосо өнүгүү болбойт. Ар бир жаранга тез жардам көрсөтүү үчүн интернет керек. Жогорку технологиядагы билим берүү үчүн интернет керек. Мамлекеттик кызмат көрсотүү үчүн интернет керек деди”-Сапар Исаков.