• Дүйшөмбү 1 Теке 2024
  • Понедельник 1 Июль 2024

Кыйын: Дени сак аял — дени сак келечек

18 Кулжа 2024 18:00 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг уюштуруп, өлкөнүн булуң-бурчунан жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер келди.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.

Аймактардан келген айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Бүгүнкү эфирде «Дени сак аял — дени сак келечек» деген тема талкууланат.

Катышуучулар:

  • Барчин Аманова — «Энелер лигасы» коомдук фондунун төрайымы;
  • Нурчагүл Жолдошова — Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулчусу;
  • Анара Жээналиева — «Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери» коомдук бирикмесинин мүчөсү.

Модератор Замира Кожобаева.

Количество просмотров: 296