• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргыз тили боюнча тесттин жыйынтыгы окууга тапшырууга таасир этпейби? Министрдин жообу

21 Бирдин айы 2024 15:40 Бишкек Govori.TV

Кыргыз тили боюнча тесттин жыйынтыгы окууга тапшырууга эч кандай таасир этпейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Министр быйыл ЖРТга кыргыз тили боюнча тесттин киргизилген себебин бүтүрүүчүнүн мамлекеттик тилди канчалык деңгээлде билерин аныктоо максаты менен түшүндүрдү.

«Анын жыйынтыгы окууга тапшырууга эч кандай таасир этпейт», — деди министр.

Белгилей кетсек, буга чейин Билим берүү министрлиги Кыргызстанда мындан ары абитуриенттер жогорку окуу жайга (ЖОЖ) тапшырганда милдеттүү түрдө кыргыз тилинен тест берерин билдирген.

Количество просмотров: 218