Президент Садыр Жапаров «7-апрель ынтымагы» коомуна бир гектардан ашык жер бөлүп берилгенин билдирди. Министрлер кабинети 29-майда «7-апрель ынтымагы» ачык акционердик коомуна 1,6 гектар жер бөлүп берүү чечимин кабыл алган. Бул окуя кызуу талкуу жаратты. 2010-жылы Апрель окуясынан кийин түзүлгөн “Айкөл Ала-Тоо”, “Мекен шейиттери”, “Апрель элим Кыргызстан”, “Апрель байрагы” жана “Эр теги” коомдук бирикмелердин жетекчилери 25-июнда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, кайрылуу жасашты.
«Өкмөт “апрелчилерге” жер берди. Чечим талкуу жаратты» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:
Темирлан Султанбеков — “Социал-демократтар” партиясынын лидери;
Жылдызбек Исаков — «Айкөл Ала — Тоо» коомдук биркмесинин төрагасы;
Бакыт Бакетаев — саясат талдоочу.