• Жума 14 Кулжа 2024
  • Пятница 14 Июнь 2024

Майдан: Шайлоого катышууга милдеттендирүү туурабы? (Түз эфир)

29 Бугу 2024 13:29 Бишкек Govori.TV


Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоого катышпаган жарандарга чара көрүү боюнча демилгени байма- бай көтөрүп келишет. Кыргызстанда жылдан-жылга шайлоодо добуш берүүгө келбеген жарандар көбөйүп баратат. 2017-жылдагы президенттик шайлоого шайлоочулардын дээрлик 56% катышса, 2021-жылдагы президенттик шайлоодо ал 39,75% гана түздү. Шайлоочулар саясий иш-чараларга эмне үчүн мындай мамиле кылат жана добуш берип жарандык милдетти аткаруу канчалык маанилүү? Коом шайлоого, мамлекеттик чечимдерге кайдыгер болуудабы?

«Шайлоого катышууга милдеттендирүү туурабы?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

Таттуубүбү Эргешбаева — юрист;

Жеңишбек Акматов — Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү;

Узарбек Жылкыбаев — Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү;

Айбек Теңизбаев — саясат талдоочу.

Количество просмотров: 343