Бүгүн, 24-февралда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында мамлекеттик туунун 30 жылдыгын белгилөөгө карата даярдыктар жүрүүдө.
Маалыматка ылайык, 2022- жылдын 3-мартында КРнын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы белгиленет. Маданият, маалдымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан тиешелүү даярдыктар көрүлүп жатат.
Белгилей кетсек, мамлекеттик тууну легендарлуу парламент эки ай талкуулап 1992-жылдын 3-марттында кабыл алынган. Быйыл Кыргыз Республикасынын туусуна 30 жыл толот.