• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Манас районунун 80 жылдыгына арналган көк бөрү мелдеши башталды

18 Тогуздун айы 202415:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-октябрда Манас районунун 80 жылдык мааракесине арналган көк бөрү боюнча мелдеш башталды.

Ага Манас округунан жогорку кеңешке эл өкүлү болуп шайланган Дастанбек Жумабеков жана райондук мамлекеттик администрациянын башчысы жана аймактардан келген коноктор катышып, төрт район жана бир шаардан 5 команда ат салышууда.

Эске салсак, Манас районунун 80 жылдыгына утурлай жалпы байге фонду 1 миллион сомду түзүп, көк-бөрү, ат чабыш, ордо, кыргыз күрөшү, волейбол жана футбол оюндары өткөрүлүүдө.

Количество просмотров: 221