• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына сынак жарыяланды

2 Бирдин айы 2023 10:54 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына сынак жарыялады. Сынакка катышуу үчүн документтерди кабыл алуунун мөөнөтү 15-февралга чейин. Документтерди ар бир облус, шаар өзүнө тиешелүү болгон электрондук дарекке жиберет. 

Конкурска төмөндөгү квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат:

— жогорку педагогикалык билими жана 7 жылдан кем эмес педагогикалык иш тажрыйбасы барлар;

— атайын педагогикалык билими жана адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы барлар (ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн адистештирилген жалпы билим берүү уюмдарына);

— аракетке жөндөмдүү, аларга карата аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери жок адамдар;

— соттолбогондор;

— Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн медициналык каршы көрсөткүчтөрү жоктор;

— мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен аныкталган мөөнөттүн ичинде педагогикалык ишмердүүлүк менен алектенүү укугу чектелбегендер;

— жалпы билим берүү уюмунун ишмердүүлүгүн пландаштыруунун жана контролдоонун формаларын уюштуруунун жалпы принциптерин, уюмдун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун баалоо ыкмаларын жана персоналды башкаруу, иш кагаздарын жүргүзүү, ички эмгек тартибин, жалпы билим берүү уюмунун административдик финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын билгендер;

— билим берүү системаларын башкаруу ыкмаларын, маалыматтык технологиялар жана тез башкаруу чечимдерин кабыл алуу боюнча көндүмдөрүн, алардын кесепеттерин болжолдоо, ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана эл алдында чыгып сүйлөө көндүмдөрүнө ээ болгондор;

Конкурска катышууну каалаган талапкер конкурстук комиссияга сынак жарыяланган күндөн тарта 10 иш күнү аралыгында төмөндөгү документтерди тапшыруусу керек:

—   белгиленген формадагы жазуу жүзүндөгү жеке арызын (№1 тиркеме) жана сүрөтүн (3×4 см);

—    паспортун;

— жогорку педагогикалык билими тууралуу дипломун (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн, тиркемеси менен);

— эмгек китепчесин (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

— жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берүүсүн (№2 тиркеме);

— соттолгондугу (соттолбогондугу) жөнүндө маалымкатын;

— психикалык ооруларынын жана наркологиялык диспансерлерде каттоосу жоктугу жөнүндө маалымкатын.

Талапкер документтердин көчүрмөлөрүн өзүнүн жеке электрондук почтасы аркылуу тиешелүү болгон облустун электрондук дарегине жөнөтөт.

Количество просмотров: 348