• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мен ипотекадан кантип кутулдум?

16 Үчтүн айы 2018 15:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек 16.10.2018.Govori.TV

Кыргыз бийлиги мамлекеттик ипотекалык программаны ишке киргизип, акыркы эки жылдан бери бюджетик кызматкерлердин турак-жай менен камсыз болушуна камылга көрүп келе жатат. Быйылкы жылы  Өкмөт ипотекалык үй алуучуларга каражаттар 8-10 пайыздык үстөк менен бериле тургандыгын, немис грантынын эсебинен бюджеттик эмес кызматкерлер да ала алышаарын билдирди.

 Ушуга улай эле govori.tv сайтына Оштон журналист Асанбек Каракозуев ипотека менен үй алуудагы жеке башынан өткөргөн окуяларды тизмектеп берди.

Алганга албетте, оңой болгону менен ипотекадан кутулуу чоң ийгилик экен. Жеңилдегенди айтпа! Көңүлүң көтөрүлүп, пландарды түзүп… Акча баарын чечпейт, бирок көп нерсе ага байланат экен. Бул ой менен баарыңар эле макул болсоңор керек. Үй алуу ар жаш адамдын максаты. Мен да үйлүү болсом дегенде эки көзүң төрт болот эмеспи. Мен да ошентип, ипотека менен үйлүү болдум. Бирок, 4,5 жылды ипотеканын же насыянын туткуну болуп өткөрдүм…

Ипотекага жетиш үчүн насыя алдык

Ипотека менен үй алыш үчүн албетте, баштапкы каражат керек. Бизде андай жок эле. Ошондуктан, алгачкы капиталды  башка банктан насыя алып, ошону бир жылдай аны да төлөп жүрдүк. Ал  деле жеткен жок. Анан албетте ата-энем жардам кылды. Оштон  үйдү ипотека менен алдык. Демек, мен ипотекадан кантип кутулдум?

Журналист Ыдырыс Исаков деген досум бар. Чехиядан мага чоң белек ала келиптир. Китеп. Көркөм китеп эмес, пайдалуу китеп. Түштүк кореялык ишкер, “Дэу” компаниясынын негиздөөчүсү Ким У Жунгдун “Бул – бизнес кылууга чоң дүйнө”,-деген китеби экен. Анда ишкерликти кандай жүргүзүш керек, жумушка болгон мамиле, келечекке максат коюу, акчаны туура пайдалануу сыяктуу реалдуу жол көрсөткөн кеңештери жазылыптыр. Иштен адам өлбөсүн, ага акыры көнүп калуусун, жыйынтыгы өнүгүү менен пайдага чыгаарын үйрөндүм. Автордун көп кеңештери эсимде калды. Алардын бири: “Адамдар 8ден 5ке чейин иштесе, биз таңкы 5тен кечки 8ге чейин иштейт элек”,-дегени мага катуу таасир этти. Анан да: “Акчаны эң зарыл учурда гана иштет”, “Пайда алып келе турган нерсеге миллиондогон каражатыңы да аяба”,-деген сөздөрү менин ипотекадан  кутултууга жардам берди. Мен, Кимдин кеңеши менен акчаны өтө зарыл учурда гана коротконго аракет кыла баштадым. Бирок мурда деле ошого аракет кылчумун. Чөнтөгүңдө акчаң турса, көзүңө ар нерселер кызык көрүнө берет го, ошодон кутулуш үчүн акча топтоого өттүм. Ипотекага төлөгөндөн кокус бир аз эле каражат ашып калса эле чогултуп бир жерге салууну адатка айландырдык. Ал үчүн Банктан депозитке эсеп ачып, бир жыл ала албай турган болдук. Күн өткөн сайын ал жактагы каражатыбыз көбөйө берди. Алгач сумма азыраак болсо, көңүл кош боло берет экенсиң. Бирок көбөйө баштаганда анан көңүлүң бурулуп, дагы көбөйткөнгө өзүң кызыгып калат экенсиң. Күндөр өтө берди, кээде акчабыздын бар экенин унутуп деле калабыз. Эстесең, сүйүнүп каласың. Илгеркилердин сөзү бар го, “күрөшкө түшөөрдө белине алтын байлап чыккан адам жеңчү” экен деген. Анан дайыма алтын алып жүргөн адам кубаттуу, шайдоот болот деп калышчу эле. Ошонун чындыгы бар экен. Кээде каражатым банкта турат дегенди ойлогондо кадимкидей дем берип, чыңала түшөсүң.

Иштеп эс ал, эс алганча иште!

Кредит төлөп жүрүп, кайдагы акчаны топтойсуң дешиңер да мүмкүн. Жашоо-турмуш, жамандык жакшылык деген бар. Айлык менен иш кылгандын каражаты аз жана башка… Ооба. Бир эле айлык менен иштесең, кредит төлөсөң, башка чыгымдарыңа каражат коротсоң, акча топтоо каяктан? Бирок мен кошумча иштерге тартылып жүрдүм. Кимдин көп убакыт иштейт элек дегени мага да өрнөк болду. Мен көбүнесе 12, 13 сааттан иштөөнү адат кылып алдым. Дем алышсыз иштеген күндөр өтө эле көп. Мээң иштебей, дем алыш күндөрдү күтүп каласың, ошол күнү башка иш чыкса, дем алыш күндөрүңдү кадимкидей кызганасың.

Адамдар эс алуу тууралуу айтышат. Эс алганда кандай? Айрымдар талаага чыгып, ойноп келиши мүмкүн, балыкчылашы мүмкүн, достору менен бир жерде аш жеп кобурашып отурушу мүмкүн. Ушинтип эс алышат, туурабы? Бирок мен үчүн андай эс алуулар кадимкидей иш. Балыкка барсаң кайырмагыңды даярдап, качан түшөт экен деп сагалап отурасың, мен үчүн ал деле иш. Талаага чыгайын десең, даярданасың, ойноп атып чарчайсың, тигил бул… Мен үчүн ал деле иш. Башкача айтканда, андан эс албайм. Мен ишимдин жыйынтыгы жакшы болсо, ошол эс алуу. Анан тынч бөлмөдө, нервиңди эс алдыруу – ошол эс алуу. Жакшы кино көрсөң – мага ошол эс алуу. Эң башкысы – бир нерсе үйрөнүп, андан пайда алсаң – ошол мага эс алуу! Булар популисттик сөздөр эмес, менин натурам ошондой экен.

Банктагы акчабыз акырындап көбөйө берди. Тапкан акчабызды алып барып сала бердик, бирок аябай керек болуп калганда да, иштетпедик, анткени банк бербейт болчу!  Мен акча топтогон дагы бир реалдуу адамды билем. Гүлзат Газиева деген журналист бар. Акчаны ал да ушинтип топтогон экен. Ошентип жүрүп үй алды. Автоунаа алды. Мага кантип акча топтогону тууралуу айтып берсе, өтө кызыккан элем. Эми мен да кантип акча топтоо керек деген боюнча башкаларга кеңеш берип жүрөм. Сизге да айтат элем, акчаны эң зарыл учурда иштетиңиз деп.

Зарылчылык деген эмне?

Зарыл же зарыл эмес учурду кандай аныктайсыз? Бул зарыл учур же зарыл эмес учур деп аныктоо кыйын деле эмес, бир алды өтө эле кыйын. Бул жөнөкөй сөз болгону менен, жашоодо эң маанилүү ролду ойногон ньюанс. Эгер ал учурду өзүмдүн көз карашым менен айтсам, мени эл душманы кылып аласыңар. Ошол үчүн акчаны иштетүүдөгү зарыл же зарыл эмес учурду адам өзү аныктап, эрки менен чечиш керек деп ойлойм.

Банктагы акчабыз акырындап көбөйө берди. Бир жагынан туугандар менен “Алтын сандык” ойноп, чоңараак суммадага акчаны да кошуп койдук. Андан бетер дем, күч берди. Акча топтой баштаганда башкача пландарды койдук эле, бирок кийинчерээк бир максатты көздөдүк, ипотекадан кутулалы дедик. Анан ата-энем, бир туугандарым да каржылык колдоо көрсөттү.

Бир жыл дегенде келинчегим, 3 уулум, иним менен барып, акчаны эсептеп алдык. Банкка барып ипотеканы жаптык. Кутулдук. Ойлоп көрсөм, 4,5 жыл насыя төлөпмүн. Алгачкы биринчи жылдыкта үй алам деп акчаны топтогонго алсам, кийиник 3,5 жылы ипотека төлөп өттү. Ошол насыяларды ар бир айдын 15инде төлөйт элек. Бул айдын 15и мен үчүн жеңил болду, анткени насыя төлөбөдүм. Мындан ары насыя төлөбөй, бирок аны төлөгөн сыяктуу акча топтоого адаптация алсак деген пландар бар.Кредит жаман эмес. Ал болгону бир жардан экинчи жардын башына өткөрүүгө жардам берген көпүрө. А көпүрөдөн өткөндөн кийин акысын төлөшүң керек.

Ким У Жунгду кыргызстандыктар тааныйт…

Анткени бизде анын фирмасы чыгарган “Дэу” автоунаалары көп жүрөт. Эми анын китеби да көп кыргызстандыктарга пайдасын тийгизсин деп “Бул – бизнес кылууга чоң дүйнө” китебин кыргызчага которо баштадым. Эгер кызыксаңыз окуп деле калышыңыз мүмкүн. Китеп чыкса, базардагы ар бир сатуучуга өзүм эле барып сатат элем. Ишкердикти кандай жүргүзүш керек, керек учурда атаандаштарга орун берүү, гумандуулук, каражаттарды, колундагыларды башкаруу жана башка кеңештерди үйрөн деп… Буйруса, чыгып калаар…

Ошентип, Ыдырыс досум Кимдин китебин берүү менен көп нерсени белек кылды. Анан албетте, ата-энемдин жакшылык каалоосу да көптөгөн ийгиликтерге жетүүгө түрткү болду

Количество просмотров: 570