• Жума 5 Теке 2024
  • Пятница 5 Июль 2024

Миллион сомдук товарды аткезчилик жол менен алып өткөн шектүү кармалды

27 Кулжа 2024 11:16 Бишкек Govori.TV

Баткенге бир миллион сомдук товарды аткезчилик жол менен алып өткөн коңшу өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Кайтпас айылынан коңшу өлкөнүн жараны 1989-жылы туулган А.А. аткезчиликке шектелип кармалган. Ал өзүнүн “DAMAS DLX” үлгүсүндөгү автоунаасында өз өлкөсүндө чыгарылган кездемелерди, кийим-кечектерди аткезчилик жол менен алып өтүүгө шектелүүдө.

«Текшерүү учурунда жалпы баасы 1 млн сомго жакын товарларын эч кандай тиешелүү документтери жок Кыргыз Республикасына “Кайтпас” убактылуу көзөмөл өткөрүү пунктунан аткезчилик жол менен мыйзамсыз алып өткөнү аныкталган»,-деп жазылат маалыматта.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиинин 231-беренесинин 1-бөлүмү менен (Экономикалык контрабанда) менен кылмыш иши козголгон.

Натыйжада, 26-июнь күнү коңшу өлкөнүн жараны А.А. шектүү катары Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 158