• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Министрдин орун басары электр жарыгы эмнеге жапырт өчкөнүн түшүндүрдү

19 Кулжа 202514:48 Бишкек Govori.TV

Парламент жыйынында депутат Дастан Бекешев Энергетика министрлигинен 18–19-июндаы жарыктын өчүрүлүшүнүн себебин сураган.

Министрдин орун басары Насипбек Керимовдун айтымында, техникалык жабдуулар күйүп кеткен же иштен чыккан учур катталган эмес.

«Кечээ, бүгүн кыска мөөнөткө жарык өчүрүлдү. Кечээ, мисалы, 20 мүнөткө чейин өчтү. Бул техникалык себептерден улам болду. Биздин ыкчам маалыматтар боюнча, автоматика иштеп кетип, каскаддык өчүрүүлөр башталган. Керектөөчүлөрдү кайра кошуу бир нече этап менен жүргүзүлүп, убакыт талап кылынды. Азырынча так себеби белгисиз. Расмий маалымат кийинчерээк берилет», — деген ал.

Количество просмотров: 174