Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлердин айлык акысына байланыштуу социалдык тармактарга жарыяланган маалыматтарга байланыштуу түшүндүрмө берди.
Министрликтин бюджеттик саясат жана финансылык анализдөө башкармалыгынын башчысы Клара Өскөнбаева соцтармактарда жарыяланган квитанция тууралуу маалымат март айынын айлыгы экенин, ал эми жогорулатылган маяна 1-апрелден тартып эсептелип, айдын соңунда берилерин билдирди.
«Тараган квитанцияда толук эмес, 0,5 иштеген кызматкердин эмгек акысы көрсөтүлгөн. Мурда мындай айлык 8617 сомду түзсө, азыр болжол менен 13 500 сомго чейин жогорулайт. Мындан тышкары, 7 500 сом өлчөмүндө президенттик компенсация кошулуп, жалпы эмгек акы 21 миң сомго жетет», — деди Өскөнбаева.
Мунун алдында дарыгердин айлыгын көрсөткөн квитанциянын сүрөтү интернетке жарыяланып, талкуу жаралган.