• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Министрлик хантавирус боюнча маалымат таратты

12 Бугу 202616:46 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министрлиги кооптуу хантавируска байланыштуу маалымат таратып, Кыргызстанга инфекциянын жайылуу коркунучу өтө төмөн экенин билдирди. Аталган мекеме тараткан маалыматта калкка жана туристтерге эч кандай коркунуч жок экени белгиленген.

«Дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Көпчүлүк адамдар үчүн инфекцияны жуктуруп алуу коркунучу аз. Ал эми жөнөкөй эле алдын алуу чараларын сактоо вирусту жуктуруп алуу ыктымалдыгын натыйжалуу түрдө азайтат. Ошону менен катар Саламаттык сактоо министрлиги жаратылышка чыккан учурда, кемирүүчүлөр бар жерге барганда этият болууну сунуштайт», — деп айтылат маалыматта.

Мекеме сапар учурунда бара турган өлкөнүн эпидемиологиялык абалын алдын ала тактап алууга жана алгачкы коргонуу каражаттары менен камсыз болууга чакырды.

Количество просмотров: 207