• Жума 5 Теке 2024
  • Пятница 5 Июль 2024

Министрлик: Сүттүн баасын жөнгө салуу үчүн тарифтик график киргизилет

3 Теке 2024 15:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бишкекте сүт өнөр жайын өнүктүрүү жана сүт тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө арналган жолугушуу өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Айыл чарба министрлиги тарабынан демилгеленген иш-чарага мамлекеттик органдардын, райондук мамлекеттик администрациялардын, сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын, сүт өндүрүүчүлөрдүн өкүлдөру жана фермерлер катышты.

Анда айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев жыл сайын апрель айынан июнь айына чейин Кыргызстанда сүттү сатып алуу баасы төмөндөп, ар дайым маселе жаралып келерин белгиледи.

«Мына ушул көйгөйдү чечүү багытында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин тарабынан сүттүн майлуулук курамына жараша баанын тарифтик графигинин таблицасы сунушталды. Эгерде сүттүн майлуулугу 3,4 процент болсо, завод кабыл ала турган баа 35 сомду, ал эми сүттү топтоп даярдоочунун маржасы 5 сомду түзөт», — деген ал сүттүн орточо майлуулугуна карата баалар аныкталганын белгиледи.

Ошондой эле ал баанын мындай тарифтик графигинин таблицасы сүт кабыл алган ар бир заводго орнотуларын маалымдалды.

«Баалар – аймакка, орточо айлык акыга, тоюттун наркына жана сомдун курсуна жараша Монополияга каршы кызмат тарабынан белгиленет. Эгерде дыйкан менен заводдун ортосунда сүттүн майлуулугуна карата кандайдыр бир талаш-тартыштар жаралса, биздин ветеринардык лабораторияларга кайрылса болот. Биздин ветеринардык лаборатория экспертиза жүргүзүп, эгер корутундуда сүттүн майлуулугу 4% болсо, завод фермерден сүттү 40 сомдон кабыл алат», — деп түшүндүргөн ал аталган таблицага баш ийбей, токтомду аткарбаган заводдорго чара көрүлөрүн эскертти.

Кошумчалай кетчү жагдай, учурда сүттүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан асыл тукум уйларга дагы басым жасалууда.

Бул багытта Дүйнөлүк банктын сүт тармагын колдоо долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусуна 2700 музоолуу уй сатып берилип, алыскы айылдарына 3 тонналык 20 муздаткыч, сүттүн сапатын текшерген 120 экспресс лабораториялык жабдыктар коюп берилген.

Ошондой эле 8 миң уй жасалма уруктандырылып, асыл тукум 5200 музоолор алынган. Дал ушундай ишти экинчи фазада Нарын, Талас облустарында ишке ашыруу жүрүп жатат. Азыркы тапта аталган облустарда 15 миң уйдан асыл тукум музоолорду алуу үчүн жасалма уруктандыруу жүргөн. Сүттү муздаткан 50 танкер коюлган.

Количество просмотров: 70