Бүгүн, 27-майда ЖК комитетинин жыйынында “Сүттүн сатып алуу баасын жөнгө салуу жөнүндө” токтомунун аткарылышы талкууланды.
Жыйын учурунда Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев токтом долбоорун аткаруу боюнча учкай маалымат берип, эгерде чийки сүттүн баасына 40 сомдук төмөнкү чек коюлса, анда кайра иштетилген сүттүн баасы 11%га, каймактын баасы 50%га чейин кымбаттап кетерин айтты. Ал ошондой эле чийки сүт социалдык маанилүү товарлардын тизмесине кирбей турганын белгилеп, мыйзамга ылайык өкмөт анын наркына чек коё албай турганын белгиледи.
Токтомдун демилгечиси, депутат Акылбек Түмөнбаев “өкмөт токтомду качан аткарат?” деп тактап, суроо берди. Министр Данияр Амангелдиев “өкмөт мындай механизмге бара албай турганын” кайталап, “бирок сүттү кайра иштетүүчү заводдор менен сүйлөшүүгө барарын” билдирди.
Белгилей кетсек, 14-мартта кабыл алынган токтом долбоорунда чийки сүттүн бир литринин баасы “40 сомдон кем болбосун” деп бекитилген.