Жеңиш күнүн майрамдоого карата 9-майда Москвага төрт мамлекеттин лидерлери келет. Чет элдик коноктордун тизмеси Кремлдин сайтында жарыяланды.
Орусиянын борборуна Беларус президенти Александр Лукашенко, Лаос президенти Тхонглун Сисулит, Малайзиянын жогорку башкаруучусу Султан Ибрагим жана Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо келишет.
Ошондой эле Абхазия, Түштүк Осетия жана Серб Республикасынын өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.
Бул арада чет элдик маалымат каражаттары Украина бул күндөрү Орусияга жакын мамлекеттердин өкүлдөрүнө Москвада болууну «сунуштабай» турганын жазышты.
“Бул жолу ок атышпоо 6-майдан тарта делген. Украина толук унчукпай турууга даяр болчу, бирок биздин тынчтык сунушубузга Орусиянын жаңы соккулары жана жаңы коркунучтары жооп болду”,-деп билдирген Украинанын президенти Владимир Зеленский.