• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Next TVнын директору Таалай Дүйшембиев эки айга камалды

5 Жалган куран 2022 16:35 Бишкек Govori.TV

Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшембиевдин баш коргоо чарасы каралып, аны эки айга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечими чыгарылды. Мындай чечим Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынган.

Жактоочунун айтымында алар чечимге каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылышмакчы.

Ал эми соттун имаратынын алдында Дүйшембиевдин бошотулушун талап кылгандар акцияга чогулушкан. Алар журналисттерге, сөз эркиндигине басым жасоону токтотууну талап кылган жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушат.

УКМК Next TV телеканалына «улуттар аралык кастыкты козутту» деген негизде кылмыш иши козголгонун 3-мартта билдирген. Ошол күнү каналдын директору Таалай Дүйшембиев эки суткага камалган.

Атайын кызмат каналдын социалдык желедеги баракчаларында Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабар таратылган деп жүйө келтирүүдө.

Количество просмотров: 293