• Дүйшөмбү 1 Теке 2024
  • Понедельник 1 Июль 2024

Ноокатка Баткенден куткаруучулар менен кошо азык-түлүк жөнөтүлдү

29 Кулжа 2024 13:13 Бишкек Govori.TV

28-июнь күнү Ноокат районунда жааган жаандан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кызыл-Кыя шаарынан 20 куткаруучу чыгып, издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп, бүгүн 29-июнга карата жалпы 22 куткаруучу жумуш алып барууда. Бул тууралуу ӨКМ кабардады.

Ал эми сел жүргөн аймактарда жарандарды куткаруу жана коопсуз жайга көчүрүү жумуштары жүрүүдө.
Мындан сырткары, жергиликтүү бийлик менен биргеликте Кызыл-Кыя шаардык ӨКБнүн башчысы майор Б.Тойгоновдун башчылыгында сел жүргөн аймактарда жабыркаган жарандарга 2 портер менен азык-түлүк жеткирүүгө жөнөп кетишти.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 135