Селден жабыркаган Ноокат элинен кабар алууга жана куткаруу иштерине ӨКМдин тик учагы учуп кетти. Бул тууралуу ӨКМ кабардады.
Буга чейин аба-ырайы бузулуп, ашууларды булут каптап жабылганына байланыштуу, тик учак учуусу токтотулган.
«Ал эми азыр аба ырайын турукташкан соң, тик учак жардамга жөнөтүлдү»,-деп жазылат маалыматта.