Ноокаттагы селдин кесепеттерин жоюуга, издеп-куткаруу иштерин көзөмөлдөөгө штаб түзүлдү. Бул тууралуу ӨКМ кабардады.
Учурда жалпысынан 127 куткаруучу тартылып, медициналык-психологиялык жардам көрсөтүүгө 12 дарыгер, психолог иштеп жатат. Жалпысынан 637 адам иш алып барууда.
Ал эми эки тараптуу жабылган Көк-Жар — Кулатов жолу болжол менен саат 1де ачылып, ИИБ кызматкери жол кыймылын көзөмөлдөөдө.
Штабда жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматтарынын тутуму, сел кесепеттерин жоюуга техникалары да иштеп жатат.