• Дүйшөмбү 1 Теке 2024
  • Понедельник 1 Июль 2024

Орумбаева: Бул долбоор жашоого болгон көз карашыбызды өзгөрттү

3 Кулжа 2024 14:51 Бишкек Govori.TV

29-30-31-май күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында он экинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бери Жанна Орумбаева, бул долбоор жашоого болгон көз карашыбызды өзгөрттү деген пикирин айтты.

«Жогорку деңгээлде өтөт деп биз күткөн эмеспиз. Өтө жакшы спикерлер болду. Биздин ой жүгүртүүбүздү башка нукка бурду. Коомдогу аялдардын ордун табууга, калыптандыгууга өбөлгө болду», — дейт ал.

Количество просмотров: 162