• Дүйшөмбү 1 Теке 2024
  • Понедельник 1 Июль 2024

Орусия Өзбекстанда аз кубаттуулуктагы атомдук электр станциясын курууну пландоодо

28 Бугу 2024 12:48 Бишкек Govori.TV

Орусия Өзбекстанда аз кубаттуулуктагы атомдук электр станциясын курууну пландоодо. Тиешелүү келишимге Орусия президенти Владимир Путин менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкентте өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин кол коюшту.

Учурда Өзбекстанда, ошондой эле Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө бир дагы атомдук электр станция жок.

Документке ылайык, 2018-жылдагы өкмөттөр аралык келишимге өзгөртүүлөр киргизилет: буга чейин эки өлкө жалпы кубаттуулугу 2,4 ГВт болгон эки блоктон турган АЭС курууну талкуулашса, азыр ар биринин кубаттуулугу 55 МВт болгон алты энергоблокко чейинки атомдук электростанция куруу жөнүндө сөз болуп жатат.

Количество просмотров: 62