• Дүйшөмбү 1 Теке 2024
  • Понедельник 1 Июль 2024

Орусиядан үч айдын ичинде 22 миңге жакын чет өлкөлүк чыгарылды

30 Бугу 2024 14:09 Бишкек Govori.TV

2024-жылдын алгачкы үч айында Орусиядан 22 миңдей чет өлкөлүк чыгарылды. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп экенин «Верстка» басылмасы Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып жазды.

Мындан тышкары 6,8 миңдей киши мигранттар үчүн ачылган атайын жайларда кармалып турат жана алар да мекенине жөнөтүлөт деп күтүлүүдө. Бул сан да былтыркыга караганда эки эсеге көп.

Билдирүүдө ошондой эле Орусияга кирүүгө тыюу салган чечимдер да көбөйгөнү маалымдалды. Былтыр алгачкы үч айда 55 миң чет элдик Орусияга кире албаган болсо, быйыл төрт айда бул көрсөткүч 79 миң кишини түздү. Орусияда убактылуу жашоого уруксат берүү 40,9%, жашап туруу укугун берүү 20,1% азайды.

Күч органдары «мыйзамсыз миграция» уюштурган деген шек менен аныктаган чет элдиктер 2,5 эсе көбөйдү.

Количество просмотров: 97