• Жума 5 Теке 2024
  • Пятница 5 Июль 2024

Ошто селдин кесепеттерин жоюу иштери кызуу жүрүүдө

3 Теке 2024 10:32 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Ноокат, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу райондорунда селдин кесепеттерин жоюу иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө бардык унаа жолдордо каттам бар.

Белгилей кетсек, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жүргөн сел жалпы 9 көпүрөнү алып кеткен. Анын 8и калыбына келтирилди. Өлкөнүн түштүгүндо орун алган селдин кесепеттеринен тилекке каршы 14 адам өмүрү менен кош айтышты.

Количество просмотров: 59