• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ошто офицер пара талап кылып жаткан жеринен кармалды

26 Кулжа 202415:28 Бишкек Govori.TV

Ош гарнизонунун чек ара ведомствосунун офицери пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан «Опузалап пара талап кылуу» боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында күн мурун 1985-жылы туулган Ош гарнизонунун чек ара ведомствосунун офицери З.Т.С. кармалды.

Аталган кызматкер материалдык пайда алуу максатында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ар кандай шылтоолор менен узак убакыт бою чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринен системалуу түрдө акча талап кылган.

Учурда З.Т.С. аттуу жарандын кылмыш иштерине тиешеси бар болушу мүмкүн болгон башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 186