Жогорку Кеңеш 8-сентябрда жыйынга чогулат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Анда 2021-жылдын сентябрына Жогорку Кеңештин ишинин календарлык планы бекитилет. Күн тартибинде Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Ахмедовдун ант берүүсү бар.
Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):
“Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Токтошев Э.Т., Абдылдаев Ш.И., Примов У.Б., Жоробеков Т.У., Акбаров А.) (Бюджет жана финансы боюнча комитет);
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (депутат Ч.Д.Макешов жөнүндө) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету тууралуу (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет).