Президенттик стипендияга татыган мыкты студенттер (тизме)
Президенттик стипендияга татыган мыкты студенттер (тизме)
31 Тогуздун айы 202516:41 Бишкек Govori.TV
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды.
Мамлекет башчысы студенттердин алдында сөз сүйлөп, президенттик стипендия – бул жөн эле бир материалдык колдоо эмес, окуу жайлардын илимий жана коомдук турмушуна өзгөчө салым кошкон, билимге, илимге, чыгармачылыкка, коомдун жашоосуна болгон жоопкерчиликтүү мамилеси менен айырмаланган студенттердин талыкпаган эмгегинин, ташкындаган талантынын жыйынтыгы жана аларга шык берүү экенин баса көрсөттү.
“Бүгүн биз өлкөбүздүн билим берүү системасын эл аралык талаптарга жооп бергидей кылып жаңыртуунун аракетиндебиз. Анын ичинде жогорку окуу жайларда окутуунун сапатын арттырууга басым жасап жатабыз. Биздин максат – студенттердин билим алуусуна гана эмес, дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүү болуусуна шарт түзүү. Мына ошондуктан, жогорку окуу жайлардагы илимий изилдөөлөрдү колдоого, жаштардын чыгармачыл жана коомдук ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруудабыз”, — деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Президент Садыр Жапаров студенттерге ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалап, президенттик стипендияларды тапшырды.