Бул тууралуу УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов тегерек столдо билдирди.
“Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы Президенттин сөзүнөн кийин, коомчулук эч кандай иш жылбай жаткандыгын билди. Ушундай ачуу сөздөрдөн кийин Президенттке мүмкүнчүлүк берип, УКМК төрагасы, Башкы прокурор, ИИМ жетекчиси кызматын бошотуп кетип калышы керек эле. Бирок алар анте албайт. Словакияда бир журналисттин өлүмү үчүн Коопсуздук кеңешинин башчысы, министрлер кызматын тапшырып беришти. Бизде болсо бир тармакты талкалаган адамдар унчукпай отурушат”-деди Марат Иманкулов.