• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Чуңкурчакта эки айдоочу айыпка жыгылды

8 Кулжа 20269:48 Бишкек Govori.TV

Чуңкурчак жайлоосунда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жайыттарды коргоо жана жаратылыш аймактарында мототранспорт каражаттарынын кыймылын көзөмөлдөө боюнча кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Экотехкызматы билдиргендей, рейд учурунда айрым жарандар унаа каражаттарын түз эле жайыттын үстүнө айдап чыгып, өсүмдүк катмарын тебелеп, жер кыртышына зыян келтирип жатканы аныкталды.

Рейддин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренесинин негизинде 2 жаранга протокол түзүлүп, административдик чаралар көрүлдү.

Белгилей кетсек, учурда мындай рейддик иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүүдө. Жайыттарды мыйзамсыз тебелеп-тепсөө жана бузуу фактылары үчүн мыйзамдарга ылайык административдик жоопкерчилик каралган. Эреже бузгандарга 5 500 сомдон 20 000 сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн.

Количество просмотров: 13