• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Путин Кыргызстандын тагдыры боюнча айтты

10 Жетинин айы 2020 16:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-ноябрда Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын видеоконференция форматындагы жыйыны өтүп жатат. Жыйынга Кыргызстандын атынан президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров катышууда.

Анда Орусиянын президенти Владимир Путин Беларустагы окуялар жөнүндө айтып жатып, Кыргызстанга дагы токтолду. Анын айтымында, Беларусь, Кыргызстан жана Молдова өздөрүнүн ички иштерин өздөрү чечиши керек

«ЖККУга кирген кайсы бир мамлекеттин ички иштерине башкалардын кийлигишүүсү жалпы биримдик үчүн кооптуулук жаратат. Кеп суверенитетке шек келтирүү, коомду бөлүп-жаруу, мамлекеттик өнүгүү векторун өзгөртүүгө жана кылымдар бою түзүлгөн байланыштарды үзүп салууга болгон аракеттер тууралуу болуп жатат. Тышкы күчтөр тараптан мындай басмырлоого президенттик шайлоодон кийин Беларусь туш болду. Беларустарга өз маселесин өзү чечип алууга шарт түзүү керек. Ушул эле нерсе жакында эле элдик толкундоого туш болгон Кыргызстан менен Молдовага дагы тиешелүү”, — деди Путин.

Теги:
Количество просмотров: 1024