• Жума 5 Теке 2024
  • Пятница 5 Июль 2024

Путин ШКУ саммитине катышуу үчүн Астанага келди

3 Теке 2024 16:55 Бишкек Govori.TV

Орусиянын президенти Владимир Путин Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Казакстандын борборуна келди. Бул тууралуу Кремль кабарлады.

Орус президентин аэропорттон Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алды.

ТАСС жана «Ведомости» маалымдагандай, сапардын биринчи күнүндө эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалууда.

Шаршембиде Путиндин кеминде алты чет мамлекеттин башчылары менен жолугары күтүлүүдө. Алардын арасында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Кытайдын лидери Си Цзиньпин бар.

4-июлда Астанада өтө турган ШКУ саммитине 16 өлкөнүн лидерлери жана өкүлдөрү катышат.

Количество просмотров: 71