• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Садыр Жапаров Путинге көңүл айтты

24 Кулжа 202411:29 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Россия президенти Владимир Путинге Дагестандагы террактка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Дагестанда болуп өткөн террактка байланыштуу көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына сабыр тилеп, бул трагедиядан жабыркагандар тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм. Кыргызстан терроризмдин бардык түрлөрүнө каршы турат жана Россия өкмөтүнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аракеттерин колдойт», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Количество просмотров: 165