• Ишенби 6 Теке 2024
  • Суббота 6 Июль 2024

Путин Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат

22 Бугу 2024 14:23 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан Орусиянын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарына даярдана баштады. Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул даярдыктын жүрүшү 21-майда Владимир Путин менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин телефондук сүйлөшүүсүндө талкууланды.

Кремлдин билдирүүсүндө Путиндин Өзбекстанга сапарынын датасы көрсөтүлгөн эмес.

«Бул контекстте эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде соода-экономикалык тармакты мындан ары өнүктүрүүнүн бир катар маселелери козголду», — деп айтылат билдирүүдө.

Шавкат Мирзиёевдин орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен телефондо сүйлөшкөнүн Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы да тастыктады. Бирок бул билдирүүдө эки президенттин ортосунда Путиндин Өзбекстанга сапары талкууланганы жөнүндө эч нерсе айтылган эмес.

2023-жылы март айында Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту орус президенти Владимир Путинди балдарды Украинадан мыйзамсыз депортациялоого айыптап, камакка алууга ордер берген. Ошондон бери Путин Рим статутун ратификациялаган өлкөлөргө бара элек.

Өзбекстан Рим статутун ратификациялаган эмес. Бул Гаага соту ордер чыгаргандан бери Путиндин Өзбекстанга биринчи сапары болот. Орусиянын президенти Өзбекстанга акыркы жолу 2022-жылдын сентябрында – ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн барган.

Количество просмотров: 55