• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Раимбачаева таза суунун жоктугунан вирустук гепатиттин саны өсүп жатканын сынга алды

25 Чын куран 2023 12:32 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-апрелдеги Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынынында, Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан, «Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат» берилди.

Жыйында депутат Винера Раимбачаева Чүй облусундагы Сокулук районунун бир нече айылдарында жана Баткен облусундагы айылдарда дагы таза суу маселеси курч болуп жаткандыгын белгиледи.

Суунун сапаты начар болгонуна байланыштуу айрыкча балдар арасындагы вирустук гепатиттин саны өсүп жатканын эске салды.

Количество просмотров: 61