Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун 15 жаштагы уулу Адам республиканын жетекчисинин коопсуздугун камсыздоо кызматында бөлүм башчы болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын депутаты Адам Делимханов Телеграм каналына жазды.
Маалым болгондой, буга чейин өспүрүмгө «Чеченстанжын баатыры» деген наам берилген.
Рамзан Кадыров 4-октябрда 24 жаштагы кызы Айшатка «Эл артисти» наамын ыйгарган. Ага чейин Айшат Кадырова жумурияттын вице-премьерлик кызматына көрсөтүлүп, аны атасы кубаттаган.