• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Репрессиянын курмандыктарына арналган жыйын өтөт

6 Жетинин айы 2018 8:57 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.11.2018. Govori.TV
Бүгүн, 6-ноябрда Бишкекте “Тарыхый эс тутум: саясий репрессиялар жана анын кесепети” аталыштагы эл аралык илимий конференция өтөт. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарага мамлекеттик жетекчилер, чет өлкөлүк жана кыргызстандык илимпоздор, жогорку окуу жайлардын окутуучулары катышат.
Аталган жыйында Кыргызстандагы репрессияга кабылгандардын тизмеси түзүлөт. Совет учурундагы жумушчулардын эл аралык тилектештиги, “Алаш Ордо” кыймылы жана тарыхый инсандар жөнүндө айтылып, иш-чаранын аягында резолюция кабыл алынат.
Конференция элге 1930-жылдардагы саясий репрессиянын натыйжасында миңдеген бейкүнөө уул-кыздардын азап чеккенин, курман болгондугун жеткирүүнү, кайгылуу окуядан сабак алууну көздөйт.
Количество просмотров: 41