• Ишенби 29 Кулжа 2024
  • Суббота 29 Июнь 2024

Россияда коронавирус дагы 6 миңден ашык адамдан аныкталды

19 Чын куран 2020 17:02 Бишкек Govori.TV

Орусияда соңку бир күндүн ичинде өпкөнү сезгенткен илдет 6060 адамдан аныкталды жана бул оору катталгандан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды. Ооругандардын саны 42 800дөн ашты.

Бир күндө 48 адам көз жумду, ошентип өлгөндөрдүн саны 362 киши болду. COVID-19дан 3300дөй адам айыгып чыкты.

Өлкөнүн ыкчам штабы оору жугузуп алганы жаңы аныкталган адамдардын жарымында илдеттин белгилери болбогонун маалымдады.

Москва шаарында бир жуманын ичинде коронавируска кабылган учурлар 2,5 эсе көбөйдү. Орусияда эпидемия Европа өлкөлөрүнөн жана АКШдан кечирээк, эки аптадай мурун башталган. Өлкө бийлиги оору кеңири жайылган маал келе электигин эскертип жатат.

Орусияда өлкө боюнча өзгөчө абал жарыяланган эмес. Президент Владимир Путин ушул ай эс алуу күндөрү болорун билдирген. Бир катар аймактарда карантин чаралары колдонулууда жана алардын ичинен эң катаалы Москва шаары менен Москва районуна киргизилген.

Количество просмотров: 305