• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Орусияда кыргыз жараны “терроризмди актоо” беренеси менен кармалды

3 Чын куран 2024 16:20 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусияда «Крокус Сити Холлдогу” кандуу кол салуу жөнүндө сүйлөшкөнү үчүн кыргыз жараны кармалганы тууралуу билдирүү таратты.

ТИМдин маалыматына караганда, А.Ж.А. аттуу кыргыз жаранына Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 205.2-беренесинин 1-бөлүгү (“Терроризмди ачык актоо”) боюнча иш козголгон.

Кыргызстандын Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүгү кыргыз жаранына козголгон кылмыш иши боюнча толук маалымат алуу үчүн Орусиянын тергөө органдарына тиешелүү суроо-талаптарды жөнөттү. ТИМ бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө экенин жана зарыл учурда укуктук жардам көрсөтүлөрүн билдирди.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 1-апрелдеги жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Москвадагы кол салуудан кийин кыргыз мигранттарынын абалы жөнүндө маалымат берген. Имангазиевдин айтымында, «Крокус Ситидеги» кандуу окуядан кийин ар кандай себептер менен 69 кыргызстандык Орусияга киргизилген жок. «Крокус Ситидеги» кандуу окуядан кийин жоголгон эки кыргыз кызынын ДНК анализдери даяр боло элек.

22-мартта Москванын чет жакасындагы «Крокус Сити Холл» борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон. Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын маалымдаган. Алардын ону тергөө абагына камалды. Камалгандардын сегизи теги тажикстандык экени белгилүү болгон.

«Крокус Сити Холлдогу» окуядан кийин каза болгондор 144кө жетти.

Количество просмотров: 100