• Ишенби 6 Теке 2024
  • Суббота 6 Июль 2024

Өрттө бир жаран каза болду

3 Кулжа 2024 18:03 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-июнь күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунда Ак-Жол өткөрүү пунктунун жанында жайгашкан «Бишкек-Алма-Ата» кафесинин артында жаңы салынган чарбалык курулушта күйүүчү май куюп жаткан учурда өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

ӨКМдин маалыматы боюнча, жерине өрттү өчүрүүгө саат 11:51де Аламүдүн райондук өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Кошумча саат 12:00дө экинчи күжүрмөн эсеп жардамга чыккан.

Тилсиз жоо саат 12:34 чектөөгө алынып, саат 14:00 толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен 2003-жылы туулган Т.Н. уулу аттуу эркек киши каза тапкан.

Ошондой эле 2003-жылы туулган К.М. аттуу жаран жабыркап, тез жардам унаасы менен шаардык N4 ооруканага жеткирилген. Маалыматка ылайык денесинин 9% күйүк алган. Абалы туруктуу.

Количество просмотров: 276