• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Сүлүктүдө көмүр кенинде шахта урап, бир адам каза болду

28 Чын куран 202617:12 Бишкек Govori.TV

27-апрелде Сүлүктү шаарындагы «Кара-Садак» көмүр шахтасында кырсык болуп, бир киши уранды алдында калып набыт болду. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.

41 жаштагы шахтердун сөөгүн куткаруучулар ошол эле күнү уранды алдынан алып чыгышкан. Маркумдун сөөгү «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Учурда кырсыктын себептери такталууда.

Количество просмотров: 170